"Эмма", "Чоң үмүттөр", "Темир киши" тасмалары аркылуу атак-даңкка жеткен америкалык актриса Гвинет Пэлтроу 45 жашка толду. Ал 1972-жылы 27-сентябрда АКШнын Лос-Анжелес шаарында туулган.
Ата-энеси да чыгармачыл чөйрөдөн болгондуктан Пэлтроу кичинесинен эле актрисалык кесипке кызыкчу. Анын алгачкы тартылган тасмаларынын ичинен "Жети" фильминде актёр Бред Питт менен өнөктөш катары аткарган ролу эл эсинде калган. Аталган тасмадан соң Питт менен кыз-жигит катары мамиле куруп, 2 жылдан соң кол үзүшкөн.
Гвинет Пэлтроу киного гана тартылбастан жакшы ырдайт. 2000-жылы "Blue-eyed soul" рок тобу менен "Cruisin" аталышындагы ыр жаздырып, ал чыгарма көпкө чейин хит-параддардын алдынкы саптарынан түшпөй турган.
Актриса гигиенаны сактоо жагынан алдына киши салдырбайт. Микроб - бул анын фобиясы. Чет элдик басылмаларга берген маегинде дааратканага кирерде сөзсүз түрдө аны тазалап чыгарын жана бир гана таңгагы ачыла элек даарат кагазын колдонорун айткан. Ошондой эле кандай гана буюм болбосун ага чейин бирөө колдонгон болсо, ага колун тийгизбей турганын жакындарынын баары билет.
2003-жылы британиялык музыкант Крис Мартинге турмушка чыккан. Арадан 1 жыл өткөндө кыздуу, 2006-жылы уулдуу болгон. Бирок 2015-жылы белгисиз себептерден улам жолдошу экөө ажырашып кетишкен.
Пэлтроу 2016-жылдан тарта өзүнүн кийимдер коллекциясын тартуулап, дизайнерлик кесип менен да алектене баштаган.
27-сентябрдын жылнаамасы.