Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Чырак айылында табылган жансыз дененин өздүгү аныкталды. Аны башына дөңгөлөк кийгизилип белден жогору бөлүгү өрттөлүп, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн абалда көлмөнүн жээгинен 21-сентябрда табышкан. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Эске сала кетсек, кечээ, 26-сентябрда Чырак айылындагы көлмөнүн жанынан белгисиз адамдын жансыз денеси табылганын өздүк булактар кабарлашкан. Окуя тууралуу жеке булактар бүгүн төмөнкүдөй маалымат беришти:
"Каза тапкан адам Чырак айылынын аймагынан табылганы менен Аң-Өстөн айылынын тургуну болуп чыкты. Ал такси кызматын көрсөтүп иштечү. Ал 21-сентябрь күнү уулуна "балам, мен шашылыш Алматыга кеттим, үйдү барып бекитип кой. Бир айдан кийин келем" деген смс билдирүү жазган экен. Мындан улам аны издеген киши болгон эмес. Ал күнү Дубайда иштеген кызы чалып, 2000 доллар акча салганын айтыптыр. Ошондон кийин анын жансыз денеси табылган", - деп билдиришти.
Каза тапкан К.И. аттуу жаран 1967-жылы туулган. Аны таанууга барган туугандары жана баласы кийип турган кийиминен жана бутундагы тактан улам таанышкан. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун милиция кызматынан кабарлашты.