Орусияда Кыргыз жараны баңгизатын сатууга шектелип кармалды

Орусиянын Москва шаарында Кыргыз өлкөсүнөн барган кыз 100 грамм героин менен кармалды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Москванын түштүк-чыгышында жайгашкан Выхино-Жулебино районунун полиция бөлүмүнө интернетте баңгизат сатууга жарыя берип жаткан кыз тууралуу маалымат түшкөн. Кийин полиция кызматкерлери ал интернет аркылуу жарыя берип алгач кардарларынан акча котортуп анан белгилүү кайсы бир дарекке бекитүү аркылуу сатарын аныкташкан.

Анын кезектеги кардарына баңгизатын бекитип жаткан жеринен кармашып, Кыргыз өлкөсүнүн жараны экенин аныкташкан. Анын жанынан 100 грамм баңгизаты табылып экспертиза кийин анын героин экенин аныктаган.

Ошондой эле маалыматта аталган иш боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайда кармалып турганын, ал 15 жылга чейин эркинен ажыратылуусу мүмкүндүгү айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
futboler
2017-09-27 18:42:03
Туугандар болсо керек
+4
gulmira12345
2017-09-27 18:42:44
кыз башын менен оол андан горо пол жуубайсынбы
+7
Aijan.140297
2017-09-27 18:45:56
Аллахым сактасын
+5
Pandora
2017-09-27 22:48:04
Тоа кылдым интернет аркылуу сатылып калганбы ащыр героиндер
0
AzKumFerDan
2017-09-28 00:40:33
Ала топучандардан болсо керекда
+1
gitaris93
2017-09-28 01:02:12
Жанылыктардын баары кыргыз жараны болуп кеттиго улутун да жазбайбы
+2
arzygulR
2017-09-28 18:46:07
gitaris93,бизде паспорт алуу женил ит арзан
Ошонун кечсепети да
0
jon.as
2017-09-28 05:33:50
Кыргыздын атын жамынган [moderated]лер болсо керекда. Кайда журушпосун Кыргызстанды жаман атты кылып журушот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан