Якутияда 3 баланын ууланышы боюнча айыпталып жаткан Кыргыз жараны 2 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, бала багуучу болуп иштеп жаткан 20 жаштагы Кыргыз келин акыл-эске тескери таасир этүүчү дары-дармектерди кароосуз, ачык калтырган. Аны балдар ичип алышып, катуу ууланып калышкан.
"Сот айыпталуучуну күнөөлүү деп таап, 2 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарган. Бирок бала багуучунун кичинекей баласы бар болгондуктан өкүм баласы 14 жашка чыккандан кийин күчүнө кирет", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Якутияда 3 баланын ууланышы боюнча Кыргыз жараны айыпталып жаткан.