Нарында унаа уурдоого шектелген жаран кармалды

Нарында унаа уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда Нарын ОИИБинин Патрулдук милиция бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнө Ак-Кыя айылынын 43 жаштагы Т.М. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал 26-сентябрь күнү саат 12:30 чамасында белгисиз адам Ауди 100 үлгүсүндөгү унаасын айдап, качып кеткенин билдирген.

"Патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам изилдөө иштеринин натыйжасында кылмыш иши сууй электе Кочкор айылынын 47 жаштагы К.Ж. аттуу тургуну кармалган. Тергөө учурунда күнөөсүн моюнуна алып, Кочкор РИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан