Украина аскер кампадагы өрттүн келип чыгышын диверсия катары баалады. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз катчысы Сергей Мисюранын айтымында, диверсия тууралуу маалыматтар мурда эле белгилүү болгон жана аны алдын алуу үчүн Винница облусунда антитеррордук машыгуулар жүргөн.
"Бул даана эле диверсия. 25-сентябрь күнү антитеррордук машыгуулардын алкагында диверсиялык топторго тинтүүлөр жүргөн. Айрымдары кармалып, максаттары аныкталган. Балким, башка диверсиялык топ учкучу жок учуучу аппарат аркылуу жардыруучу зат таштап кетиши мүмкүн. Албетте, бул бир адамдын колунан келбейт. Күзөттө тургандар алгач абада кандайдыр бир үндү угушуп, андан соң сыртта турган ок-дарылар жарылган. Бул террордук акт", - деди Сергей Мисюра.
Ошондой эле ал ок-дарылардын көбү жер төлөдө болгондуктан алар жабыркабаганын жана арсенал аймагынын 10 пайызы күйүп жатканын кошумчалаган.
Айта кетсек, өрт кырсыгы 26-сентябрь түнү Винница облусунун Калиновка районундагы ок-дары сактоочу кампада чыккан. Анын кесепетинен Калиновка районунда 28,3 миң адам эвакуацияланган.