Сириянын Идлиб районунда террордук топтун беш согуш командири жок кылынды

Сириянын Идлиб районунда беш согуш командири жок кылынды. Бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенковго шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

"Согуш командирлеринин калк жашаган аймактан тышкары жерде чогулуп, кеңешме өткөрүп жатканы боюнча ишенимдүү маалымат келип түшкөн. Ракеттик-авиациялык соккудан улам 5 согуш командири жана 32 согушкер жок кылынган", - деди Конашенков.

Айта кетсек, 19-сентябрь күнү эртең менен "Джабхат ан-Нусра" террордук тобунун согушкерлери Сириянын Хама аймагындагы Орусиянын аскер кызматкерлерине чабуул коюшуп, анын кесепетинен үч орусиялык жоокер жабыркаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bek_07
2017-09-28 09:55:10
Жакшы болуптур
+1
Kanzada97
2017-09-28 10:11:26
Чын болсунда олгондору, алардан кутсо болот качып кетиши деле ыктымал
+2
kechirmeni
2017-09-28 10:40:42
Ушу терроризм, ИГИЛ деген нерселерге качан чекит коюлат экен
+1
Isco23
2017-09-28 11:57:07
Бул бизнес орустар мн акш жыргап атат бири ракетасын жардырымыш болуп учуруп бири террорлорго автоматтарын ок дарыларын сатып
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан