Ош шаарында унаа уурдоого шектелип, милдетин өтөп жаткан аскер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда SUPER.KG`ге Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Төлөйкөн айылынын тургуну Дэу Матиз үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адам уурдап кеткенин айтып милицияга кайрылган.
"Издөө-иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында кылмыш ишине шектелип, Ош шаарынын Ш.И. аттуу 1998-жылы туулган тургуну кармалган. Кылмыш иши Аскердик прокуратурага өткөрүлүп берилди", - деп билдирди басма сөз кызматы.