Чыныгы мамиленин маанисин даңазалаган "Настоящие" тасмасы жабык эшик артында көрсөтүлдү

Адамдын эки жүздүүлүгү, акчага ачкөздүгү, жашоодогу чыныгы достуктун орду, кыздардын байлык үчүн "сүйгөндүгү" ошол эле учурда адамдын өзүнө, турган-турпатына болгон сүйүү. Мунун баарын камтыган "Настоящие" тасмасы Бишкек шаарындагы кинотеатрлардын биринде жабык эшик артында көрсөтүлдү.

Бирде күлкүгө бөлөп, бирде ыйлаткан бул тасманын бет ачарына бардык муундун өкүлдөрү келишкен. Алардын ичинде белгилүү ырчылар, актёрлор жана жазуучулар тасмага назар салышты.

Тасманын режиссёру Санжар Күреңкеев. Ал эми башкы каармандардын образын Назик Кубатова жана Эркин Нурбаев жараткан.

Жаш, жаңы чыгып келе жаткан актриса Назик Кубатованын айтымында, тасмадагы каарманы бул жашоодо бардыгы акча менен ченелбей тургандыгын, чыныгы сезимдер баасыз экендигин көрсөткөн: "Тасмага режиссёрдун сунушу менен тартылып калдым. Өзүмдүн каарманымдын образын канчалык деңгээлде ачып бергениме өзүңүздөр күбө болдуңуздар. Менин оюмча тасма бардыгына жакты. Кетирилген кемчиликтеримди байкап отурдум, албетте, келечекте аларды жоюуга аракеттенем", - деп билдирди актриса.

Өзүнүн алгачкы эмгегин эл сынына тартуулаган режиссёр Санжар Күреңкеев тасма тартуу оңой иш эмес экендигин айтып, төмөндөгүлөргө токтолду: "Азыркы тапта биздин коомдо адамдын материалдык абалына карап мамиле кылуу өтө көп кездешет. Чыныгы достук, жакын мамиле - башыңа кыйын иш түшкөндө гана сыналат. Жашоонун татаал күндөрүндө айланаңдагы адамдардын сага болгон чыныгы сезими аныкталат жана алар иргелет. Мына ушуларды биз жараткан тасмабызда ачып берүүгө аракеттендик. Бара-бара жогорку сапаттагы мыкты тасмаларды тартабыз деп ишенем".

Тасманын башкы каарманы Айдардын материалдык абалына кызыгып дос болгон жигиттер, сүйүктүүсү ал байлыгынан ажыраган күнү андан жүз буруп кетишет. Бирок Айдарга такыр тааныш эмес адамдар жардам колун сунат. Ары күлкүлүү, ары кейиштүү окуялар менен коштолгон "Настоящие" тасмасы бүгүн, 28-сентябрдан баштап Бишкек шаарындагы бардык кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт.

Чыныгы сүйүүнү баяндаган "Настоящие" тасмасы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
pixduel1
2017-09-28 22:43:28
Орусчадан кыйналбай эле кыргызча суйлосо эмне тиги режисер(жеке оюм)
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан