Мындан 25 жыл мурун, 1992-жылдын 28-сентябрь күнү Непалдын борбору Катманду шаарында Airbus A300B4-203 учагы аэропортко конордо тоого урунуп, кырсыкка учураган. Анын кесепетинен экипаждын 12 мүчөсү жана 155 жүргүнчү каза тапкан. Каза болгондордун арасында Непалдын (53), Улуу Британиянын (38), Таиланддын (35), Испаниянын (33), Пакистандын (18), АКШнын (14) жана башка өлкөлөрдүн жарандары болгон.
Учак Пакистандын Карачи шаарынан чыгып, Непалдын Катманду шаарына барган. Кырсык экипаж мүчөлөрүнүн катачылыгынан улам келип чыккан.
28-сентябрга карата жылнаама.