Бишкек шаарынын Эркиндик бульвары менен Киев көчөсүнүн кесилишинде маршруттук такси менен жеңил унаа сүзүшүп, анын кесепетинен 7 адам жабыркады. Бул тууралу Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык 27-сентябрь күнү саат 20:00 чамасында болгон. Анда Киев көчөсү менен чыгышты карай бара жаткан Мицубиси Паджеро үлгүсүндөгү жеңил унаа эл ташыган маршруттук такси менен сүзүшүп алган. Натыйжада кичи автобустун ичиндеги 7 жүргүнчү жабыркап ооруканага кайрылган.
Учурда аталган жол кырсыгы боюнча соттук-медициналык жана техникалык экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат.