Чемпиондор Лигасы, 2-тур: "Манчестер Юнайтед" 4:1 эсебинде "ЦСКАны" утуп алса, "ПСЖ" - "Бавария" беттеши 3:0 эсебинде аяктады

27-сентябрдан 28-сентябрга караган түнү Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычында 2-турдун оюндары жыйынтыкталды.

"Манчестер Юнайтед" командасы "ЦСКАны" 4:1 эсеби менен утуп алса, "ПСЖ" футбол клубу "Баварияны" 3:0 эсебинде жеңди. Ал эми "Атлетико Мадрид" 1:2 эсебинде "Челсиге" утулса, "Барселона" -"Спортинг" беттеши 1:0 эсебинде аяктады.

"А" тайпасы

"ЦСКА" (Константин Кучаев 90-мүнөт) - "Манчестер Юнайтед" (Лукаку-2-27, Антони Марсьяль-19, Генрих Мхитарян 57-мүнөт) 1:4;

"Базель" (Михаэль Ланг-2, Димитри Оберлин-20-69, Ван Волфсвинкел-60, Блас Риверос-76) - "Бенфика" 5:0;
2-турдун жыйынтыгы менен "Манчестер Юнайтед" 6 упай, "ЦСКА" 3, "Базель" 3 упайга ээ болду. Ал эми "Бенфика" эки жолу жеңилүү ызасын тартты.

"В" тайпасы

"ПСЖ" (Дани Алвес-2, Эдинсон Кавани-31, Неймар 63-мүнөт) - "Бавария" 3:0;
"Андерлехт" (Ли Гриффитс-38, Патрик Робертс-50, Скотт Синклер-90+3 ) - "Селтик" 3:0;

2-турдун жыйынтыгы менен "ПСЖда" 6 упай, "Селтикте" 3 упай, "Баварияда" 3 упай бар. Ал эми "Андерлехтте" азырынча упай жок.

"С" тайпасы
"Атлетико Мадрид" (Гризманн 40-мүнөт) - "Челси" (Мората-60, Миши Бачуайи-90+3) 1:2;
"Карабах" (Педро Энрике-28) - "Рома" (Манолас-7, Эдин Джеко-15) 1:2;

Экинчи турдун жыйынтыгы боюнча "Челсиде" 6 упай, "Ромада" 4 упай, "Атлетикодо" 1 упай бар.

D” тайпасы

"Спортинг" - "Барселона" (Коатес 49-мүнөт, автогол) 0:1;
"Ювентус" (Гонсало Игуаин-69, Марио Манджукич 80-мүнөт) - "Олимпиакос" 2:0;
Экинчи турдан кийин "Барселонада" 6 упай, "Ювентуста" 3 упай, "Спортингде" 3 упай бар.
“F” тайпасында "Манчестер Сити" 6 упай менен көч башында баратса, “E” тайпасында "Севилья" 4 упай менен алдыда. Ал эми “G” тайпасында "Бешикташта" 6 упай болсо, “H” тайпасында "Реал" менен "Тоттенхэмде" 6дан упай бар.

Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычында 3-турдун оюндары 17-18-октябрь күндөрү өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
FCBMESSI
2017-09-28 11:16:53
Барса алга!
0
Isco23
2017-09-28 11:55:01
FCBMESSI,хахахах автогол мн Алга дейсин го
+1
maratbek88.88
2017-09-28 11:55:46
Isco23,М.Ю алга десен
-2
nur123456
2017-09-28 16:43:29
maratbek88.88,ЦСКА чемпион
-2
FCBMESSI
2017-09-28 12:52:59
Isco23,автоголда озунон жаралбайт мээнет кылышты
0
Makkambaev97
2017-09-28 14:09:12
Реал - ПСЖ финал
+1
FCBMESSI
2017-09-28 15:23:18
Makkambaev97,ПСЖ конокто ойной албайт финалга жетпей калат
-2
Isco23
2017-09-28 20:21:36
FCBMESSI,эми барса мн туш келип калса турот го
-1
Altysh_Boldush
2017-09-30 02:25:31
FCBMESSI, Неймар и Мбппе бар. Алар коп нерсени чечип койот
0
Rasul94
2017-09-28 20:54:00
Makkambaev97,сонун болот эле
+1
madrid7000
2017-09-28 16:24:44
8/1 финал ПСЖ-Барса,финал Реал-ПСЖ буюрса
+2
Boha1
2017-09-28 18:09:03
барселона чемпион
0
Rasul94
2017-09-28 20:54:56
менимче акыркы торттукто Манчестер Сити псж реал Мадрид Манчестер Юнайтед калат
-1
Makkambaev97
2017-09-29 00:04:35
Алга Реал
0
Altysh_Boldush
2017-09-30 02:27:28
Барса точна чемпион болбойт быйыл.
-1
Cherik.777
2017-09-30 17:01:26
Козуну качан ачтырдын...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан