ЖЫЛНААМА, 28-СЕНТЯБРЬ: Кыргыз Эл артисти Саламат Садыкова 61 жашка толду

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Саламат Садыкова бүгүн, 28-сентябрда 61 жашка толду. Ырчы Баткен облусунун Кызыл-Жол айылында төрөлгөн. Мектептеги окуусун ийгиликтүү аяктаган соң 1973-жылдан баштап Баткен райондук маданият үйүндө ырчы болуп эмгек жолун баштап, райондук, облустук сынактарга катышып, тар чөйрөгө тааныла баштаган.

Турмушка чыккандан кийин 1974-жылдан тартып Талас облусунун Кара-Буура районунда жашап, 1975-жылдан баштап Кара-Буура райондук маданият үйүнүн алдындагы "Жылдыз" ыр-бий элдик тобунда ырчы, маданий методист катары эмгек жолун уланткан.

1983-жылы Польша мамлекетинде өткөн эл аралык фестивалга СССРдин атынан "Жылдыз" ансамбли катышып, 2-орунду жеңип, "Күмүш балта" сыйлыгына ээ болушкан. Так ушул фестивалда Саламат Садыкова комуздун коштоосунда Б.Эгинчиевдин "Кызыл гүл" аттуу ырын аткарып, солист катары эл аралык сахнадагы алгачкы кадамын таштаган.

1992-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, 1995-жылы Казак Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, 1995-жылы Кыргыз Эл артисти, 2004-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон.

Ырчы тууралуу кызыктуу фактылар:

  • Бир да жолу ырчы экенин пайдаланып иш бүтүрүп көргөн эмес.
  • Турмуш куруу сунушун жалаң гана үй-бүлөлүү мырзалар киргизишкен, бирок ырчы аларга терс жообун берген.
  • Кыздарын чыгармачылыкка аралаштырганды каалабайт, анткени сахна артындагы турмуш кандай татаал экенин өз жон териси менен сезип көргөн.

28-сентябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nur72
2017-09-29 02:25:46
эжеке коп жашаныз сиздин атыныз озу кыргыз жыттанып турат сиз кыргыздын кайталангыс талантысыз кыргыз уну Саламаттын унундой,
Кыргыз ону Чокморовдун онундой
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан