Бүгүн, 28-сентябрда Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин иши боюнча соттук отурум өткөрүлдү.
Отурумдун жүрүшүндө Токмок шаардык китепкананын жетекчиси Людмила Беспалова суралды.
Ал көрсөтмөсүндө: "Китепкана кайсы жылы курулганын билбейм. Дубалдардан кеткен жарака бар эле. Аны оңдоп койгонго болмок. Бирок имарат кулап калуу коркунучунда эмес болчу. Дагы бир канча жыл иштесе болмок. Бир күнү эле адамдар келип китептерди жана башка буюмдарды көчүрүштү. Биз таң калган боюнча калдык. Көрсө имарат сатылып кетиптир", - деп билдирди күбө.
Жактоочу күбөгө "сиз тергөө учурунда китепкананын сатылышы мыйзамсыз сатылган" деп көрсөтмө берипсиз, кайсы берене бузулганын айтып жатасыз?" деп суроо менен кайрылды.
Күбө Беспалова: "Жок мен тергөөдө андай көрсөтмө берген эмесмин. Андай сөз да болгон эмес", - деп жооп берди.
Ал эми күбө Жумабек Таджиев да тергөөдө берген көрсөтмөсүн колдобостугун, тергөө учурунда тергөөчү, инженер үчөө бир бөлмөдө отурганын айтты.
Отурумга чакырылган күбө Татьяна Каныштарова:
"Биз иштеп жатканбыз. Имарат сатылды деп белгисиз кишилер келип көчүрүп башташты. Экинчи кабаттан айнектен китептерди ыргытып унаага жүктөштү. Бизге китептерди таңгактаганга да мүмкүнчүлүк беришкен жок", - деп билдирди Каныштарова.
Жактоочу Бакыт Осмоналиев соттон күбөлөрдүн көрсөтмөсүнө көңүл бурууну сурады.
"Урматтуу сот, күбө Беспалова менен Каныштарованын тергөөдө берген көрсөтмөлөрү сөзмө сөз окшош. Мындай болушу мүмкүн эмес. Ушуга көңүл буруп коюңуз", - деди ал.
Ал эми Каныштарова тергөөдө Беспалова менен чогуу отурганын айтты.
Күбөлөр суралып бүткөндүгүнө байланыштуу соттук отурум 2-октябрга калтырылды.
Эскерте кетсек, Башкы прокуратура "Канат Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыптап, кылмыш ишин козгогон. Канат Исаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандан кийин 2016-жылдын 10-ноябрында ага карата кылмыш ишин тергөө кайра жанданган. Кийин Башкы прокуратура ишти Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүп берген.