Аксыда изделип жаткан турист кыз табыла элек

Аксы районуна караштуу Сары-Челек коругунда изделип жаткан турист кыз табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 23-сентябрь күнү Аксы районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагында жайгашкан Сары-Челек коругуна Израилдин эки жараны жана Франциянын эки жараны туристтик максатта келишкен.

Израиль өлкөсүнүн жарандарынын бири 1993-жылы туулган Городесен Нафад Едипьия жардан кулап, бутунан жаракат алган. Жабырлануучуга 25-сентябрь күнү Кызыл-Туу айыл аймагынын Аркыт айылындагы туристтерге кызмат көрсөткөн адамдар тарабынан жардам көрсөтүлгөн. Ал эми жанында бирге жүргөн турист кыз 1995-жылы туулган Хилла Ливна белгисиз себептерден улам дайынсыз жоголгон.

"Израиль жаранын 17 куткаруучу, 23 милиция кызматкери, жергиликтүү тургундардан 15 адам, Сары-Челек коругунан 5 адам, Израиль өлкөсүнөн 4 куткаруучу издеп жатат. 27-сентябрь күнү караңгы киргендигине байланыштуу саат 19:00дө издөө иштери убактылуу токтотулган. Бүгүн, 28-сентябрда издөө иштери уланууда", - деп билдиришти ӨКМдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
madina.87
2017-09-28 11:31:50
Азыткы азгырып кетти бекен?!
Аман эсен табылып калсын эми,ата-энеси кантип атты экен байкуштун.
Жырткычка жем болбоду бекен?
+3
Isco23
2017-09-28 11:46:53
madina.87,кайсы жырткычка,адамдан баарлык жырткыч коркот эгерде тийишпесен
-5
tkk
2017-09-28 12:12:00
Бул жерде Израильдин башка максаты болушу мумкун
-4
kechirmeni
2017-09-28 12:17:21
Бул еврейлер жон келбесе керек
-2
kalima88
2017-09-28 12:21:58
Мен иштерим мн Кызыл-Тууда жүрөм, издөө иштери аябай катуу жүрүп атат. 2 жол тандабас менен жүрүшөт.Эми табылып калса экен...
+8
nurbekasr
2017-09-28 12:31:28
Кайдакы бир чет элдик еврейди 2 күндөн бери издейсиңер да.Өзүбүздүн жарандарды да мынчалык издешбейт.
-4
Azatbek83
2017-09-28 12:57:40
Олтуруп алып жаза берет экенсинерда еврей андай мындай деп.Баарыбыз адамбыз кокус зоокурлор бир демке кылышса олкого зыяны тийет туристер келгенден баш тартышат.Кудай сактап аман болсун табылсын деп жакшылык тилейлик.
+9
tavanova.sarah
2017-09-28 13:41:02
Озунчо эле кайып булакго))
Эсен-аман табылып калсын.
+4
Rasul94
2017-09-28 13:42:41
табылбаса не болот.оз мекендештерге ушинтип куйсок го анда унчукпайт элем.табылбаса нары жок болуп кетсин.же аларды биз чакырдык беле
-1
Mydearzh
2017-09-28 14:45:12
Биз, кыргыздар, ушундай деңгээлге жеттикпи?!! Ал еврейби, негрби, мусулманбы бири-бирибизге жардам бере албасак да, жөн гана жакшы ниетте болсокчу?...
Эмнеси болсо да эсен-аман табылса болгону...
+6
bekhaliev
2017-09-28 15:48:43
Азыр мен карасуу базырында кордум суротун карап окшотум озунон сурасам израилдан келдим деп айты, милицияга айтсам барып суротун коруп жок башка экен бирок окшойт экен деп койберди, бирок чындап окшойт экен
+2
Karban86
2017-09-28 16:50:03
Токойдун кароолу алып жатат чатырында ХХХХ
+2
Rasul94
2017-09-28 18:59:30
Karban86,ха ха эздин
0
Isco23
2017-09-28 20:26:50
Karban86,увахахаххах кантти экен эми кыйкырса угулюайт да барыбир
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан