Бишкекте 20 жаштагы кыз соода күркөсүнүн сатуучусуна кол салууга жана тоноого шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Свердлов райондук милиция бөлүмүнө жабырлануучу аял кайрылган. 27-сентябрь күнү күндүзгү саат 14:30дар чамасында соода жайына бет кап тагынган эки кыз кирип, жоолук менен соодагерди муунтушкан. Жыйынтыгында иштеп тапкан акчасын алып кетишкен.
"Кылмыш ишине шектелип, 20 жаштагы М.К. аттуу кыз кармалган. Шектүүнүн экинчиси изделүүдө. Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси боюнча (тоноо) кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматынан.