Ооганстандын Кандагар провинциясынын Маруф районунда жардыруу болуп, кеминде 12 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда "Синьхуа" агенттиги жергиликтүү полицияга шилтеме берүү менен жазып чыкты.
Маалыматка караганда, белгисиз адам жардыруучу зат катылган унааны полиция имаратынын жанына айдап келип, жардырып жиберген. Анын кесепетинен кеминде 12 адам каза болуп, бир канча адам жабыркаган. Жабыркагандардын арасында райондук полициянын башчысы да бар.
"Талибан" кыймылы жардырууну уюштурганын билдирди.