Вануату бийлиги вулкандын активдешүүсүнөн улам аралда жашаган элдин баарын көчүрүп жатат

Вануату өлкөсүнүн бийлиги Манаро вулканынын активдешүүсүнөн улам Оба аралында жашаган элдин баарын көчүрүү тууралуу буйрук чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда "Associated Press" агенттиги жергиликтүү бийликке шилтеме берүү менен жазды.
Маалыматка караганда, Оба аралында жалпы 11 миңге жакын адам жашайт.
"Аталган аралда жашагандар 6-октябрга чейин чыгарылып кетиши керек. Алар башка аралдагы убактылуу жашоочу жайларга жайгаштырылат. Буга чейин Вануату бийлиги аталган аралда өзгөчө кырдаалдар режимин жарыялаган болчу", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Бали аралындагы Агунг вулканы активдешип, 75 миңге жакын индонезиялык жарандар үйүн таштап кетишкен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан