Бишкекте мечиттен телефон салынган сумканы уурдоого аракет кылган жигит кармалды

Бишкекте мечиттен мобилдик телефон салынган сумканы уурдоого аракет кылган жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 26-сентябрь күнү саат 19:00 чамасында шаардагы мечиттердин биринен ичинде мобилдик телефон жана башка буюмдар салынган сумканы уурдоого аракет кылган жаранды мечиттин кызматкерлери кармап алышкан.

"Мындан улам алар милицияга кайрылышып, шектүүгө чара көрүүнү өтүнүшкөн. Учурда 1996-жылы туулган Ж.У. (эркек киши) аттуу жаранга кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал мурда эки жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Snikers18
2017-09-28 19:31:02
Ушундай акмактардан качан арылаар экенбиз кыргыз калкым.
+11
Shekeev969798
2017-09-29 02:07:35
Snikers18,Кудай сактааа деп урдап качыптыр да чунак
-1
Omurbek998
2017-09-28 21:28:11
Менда батинкемди жоготком бир жолу
+6
nematovich.90
2017-09-28 21:53:07
Уурулар мечитке тооба кылганы барбай эле уурулук кылганы барып калганбы? Акыркы кундору мечиттен ууруларды кармап калышты
+6
Kasymov
2017-09-28 22:54:14
Менада путкийимимди урдаткам
+4
nur72
2017-09-29 02:28:12
Кудай сактаа эмне деген заман болуп баратат
Мечиттен уурулук жасалып жатса ар пендеге ыйман бере кор
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан