Белгилүү орус поп аткаруучусу Егор Криддин клиби YouTube каналынан өчүрүлдү. Бул тууралуу Орусиянын маалымат каражаттары жазып чыкты.
Анда маалымдалгандай, Егор Криддин "Папина дочка" аталышындагы клиби автордук укукту бузган деген арыздардан улам YouTube каналынан жана жарыя болгон сайттардан өчүрүлгөн.
Клип 2016-жылдын жаз айларында жарыяланып, аны 45 миллиондон ашуун адам көргөн. Сайттардын администрациясына белгилүү битмейкер Алексей Вдовченко арызданган.
Алексей Вдовченко мындан мурда клипти жана чыгарманы жараткан Black Star лейбл-борборду сотко берген. Ал Егор аткарып жүргөн "Папина дочка" ырында ага таандык "Remembering Kate" музыкасы колдонулганын айткан. Вдовченко жогоруда аты аталган лейбл-борбордон 4 миллион рубль талап кылган, бирок алар сот аркылуу гана маселени чечүүгө даяр экенин билдиришкен.