Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда кичи автобус жол кырсыгына учурап бир адам каза таап, 2 адам жабыр тартты. Бул тууралуу Ош облусунун Патрулдук милиция бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-сентябрда саат 02:00дөр чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 595-чакырымында Мерседес Спринтер үлгүсүндөгү кичи автобустун айдоочусу жолдо токтоп турган Вольво үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унааны сүзүп алган. Натыйжада Мерседес Спринтердин бир жүргүнчүсү каза болуп, айдоочу менен дагы бир жүргүнчү жабыркап, райондук ооруканага жеткирилген.