Бүгүн, 29-сентябрда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында Өзбекстандын 4 облусунан келген өндүрүшчүлөрдүн көргөзмөсүнүн ачылыш аземи өттү.
Көргөзмөгө Ташкент шаары, Наманган, Андижан, Фергана облустарынан келген өндүрүшчүлөрдүн товарлары коюлган. Бул иш-чарага Бишкек шаарынын вице-мэри Ренат Макенов жана Наманган, Андижан облустарынын, Ташкент шаарынын башчылары келишти.
"Көргөзмө кыргыз-өзбек алакаларынын чыңдалып жатканына дагы бир мисал. Мындан ары да бардык тармакта карым-катнаш түзүп достукту бекемдөөгө даярбыз. Ал эми көргөзмөгө келген меймандарга жакшы маанай каалайм. Ага катышкан ишканалар пайдалуу келишимдерди түзүп кетишине тилектешмин", - деди өз сөзүндө Бишкек шаарынын вице-мэри.
Көргөзмөдө жеңил өнөр жай, спорт буюмдары, тамак-аш азыктары, үй-тиричилик техникалары жана көптөгөн багыттагы товарлар коюлган. Өндүрүшчү ишканалардын өкүлдөрү өздөрүнүн ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берип, кызыккандар чыгыш стилинде, шөкөттөлүп жасалган буюмдарды сатып алып жатышты. Мындан сырткары Ташкент шаарынан келген ашпоздор конокторго палоо даярдашты.
Бул көргөзмө 1-октябрга чейин уланат. Көргөзмөгө күбө болууну эңсеген бардык каалоочуларга эшик ачык.