Жалал-Абад-Казарман унаа жолуна кар көчкү түштү. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн саат 08:00 чамасында Жалал-Абад-Казарман унаа жолунун 42-50-чакырымына кар көчкүсү түшүп, унаа жолу убактылуу жабылган.
"№31-жол тейлөө ишканасынан бир авто жүктөгүч тартылды. Азыркы тапта жолду тазалоо иштери жүрүп жатат. Кар көчкүнүн көлөмү такталууда", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.