Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекиловдун айтымында, 1995-жылы туулган Израиль жараны Хилла Ливне аскадан кулап каза болгон. Анын кандай шартта аскадан кулап кеткени такталууда. Анын жансыз денесин алып келүү үчүн 20 куткаруучу тоого чыгып кетишти.
Айта кетсек, 23-сентябрь күнү Аксы районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагында жайгашкан Сары-Челек коругуна Израилдин эки жараны жана Франциянын эки жараны туристтик максатта келишкен.
Израиль өлкөсүнүн жарандарынын бири 1993-жылы туулган Городесен Нафад Едипьия жардан кулап, бутунан жаракат алган. Жабырлануучуга 25-сентябрь күнү Кызыл-Туу айыл аймагынын Аркыт айылындагы туристтерге кызмат көрсөткөн адамдар тарабынан жардам көрсөтүлгөн. Ал эми жанында бирге жүргөн турист кыз 1995-жылы туулган Хилла Ливне белгисиз себептерден улам дайынсыз жоголгон.
Израиль жаранын 17 куткаруучу, 23 милиция кызматкери, жергиликтүү тургундардан 15 адам, Сары-Челек коругунан 5 адам, Израиль өлкөсүнөн 4 куткаруучу издеп жаткан.
Бүгүн түшкө маал кино тартып жүргөн орусиялык чыгармачыл топтун дрону менен Хилла Ливненин жансыз денесин табышкан.