Бүгүн, 29-сентябрда Бишкек шаардык соту "диний кастыкты козутту" деп айыпталып жаткан журналист Зулпукар Сапановдун ишин карады. Отурумдун жүрүшүндө айыпталуучуга эмнеге ушул китепти жазганы тууралуу суроо берилип, ага Сапанов кыргыздын каада-салтын сактоо максатында ушул китепти жазганын айтты. Ал эми прокурор мурдагы райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырууну өтүнсө, жактоочу Сапановду толук актоону сурады.
“Кыргыздын салт-санаасы сакталсын деп, Кыргыздын улут катары калыптануусуна салым кошуу үчүн ушул китепти жаздым. Мен Кыргыздын кыздары үчүнчү, төртүнчү аял болушун каалабайм. Мени туура эмес болсом мына отурумга ушунча адам келип колдобойт эле”, - деди Сапанов.
Сот кеңешме бөлмөсүнө кирип чыгып Сапановду 2 жылга шарттуу кесип, сот залынан бошотту.
Айта кетсек, 12-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Зулпукар Сапановдун ишин караган. Анда Сапановдун “Кыдыр санжырасы” аталышындагы китеби "Мусулмандардын диний ишенимине шек келтирет" деп табылып, ал 4 жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле сот залынан камакка алынган.