ЖЫЛНААМА, 29-СЕНТЯБРЬ: Туулган күнүн белгилегенди жактыра бербеген ырчы KG Элмурат 30 жашка толду

"Сүйүү элеси", "Күлгүн жаш", "Сүйүү деңизи" жана башка ырлардын аткаруучусу, калкка KG Элмурат деген ат менен белгилүү болгон ырчы бүгүн, 29-сентябрда 30 жашка чыкты.

Ырчыны туулган күнү менен куттуктап чалганыбызда өздүк майрамы тууралуу төмөнкүлөргө токтолду: "Негизи туулган күнгө көп маани берип майрамдабайм. Досторум, жакындарым чалып куттуктаганы эле болбосо, бүгүнкү күн кадимки эле күндөрдөй үй-бүлөмдүн курчоосунда өтүп жатат. Балким, кечинде досторум менен жолугуп, палоо жеп маектешип отурабыз".

Ырчы KG Элмурат (толук аты жөнү Ильяхунов Эльмурат Калыбекович) Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Красный-Маяк айылында 1987-жылы 29-сентябрда жарык дүйнөгө келген. Алгач калың элге "Күлгүн жаш" аттуу ыры менен кеңири таанылган.

29-сентябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Pandora
2017-09-29 22:36:17
Мен дагы анча жактыра бербейм негедир,туулган кунумду кадимки эле кундой откором ар дайым....
+2
cfif03748
2017-09-29 23:20:42
Эмнеге Кыргызга окшото албайм десем.Ахундардан турбайбы.
0
Nevestkaa
2017-10-01 14:13:56
cfif03748,Ахундар кимдер эле?☺☺
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан