Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жол куруучу кызматкер асфальт чайырына түшүп каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол куруу тармагында иштеген кызматкер 120 градуста кайнап жаткан асфальт чайырына түшүп кеткен. Кырсыкка кабылган тургун окуя болгон жерден көз жумган. Каза болгон адам 31 жаштагы Д.Б. аттуу тургун болгон.
"Көз жумган жигит Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы жол тейлөө ишканасынын кызматкери эмес. Ал жеке ишкананын кызматкери болгон", - деп билдирди басма сөз кызматынан.