Бишкек шаарындагы дүкөндөрдүн бирин тоногон деген шек менен 17-18 жаштагы балдар кармалды

Бишкек шаарындагы дүкөндөрдүн бирин тоноого шектелип 17 жана 18 жаштагы эки бала кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-сентябрда Бишкек шаарындагы дүкөндөрдүн бири тонолгон. Издөө иштеринин натыйжасында аталган кылмышка шектелип, Чүй облусунун 18 жаштагы Т.Т. жана 17 жаштагы А.А. аттуу жашоочулары кармалган.

Учурда аталган факты боюнча 167-берененин (тоноо) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүүлөр Бишкек шаарындагы №1-тергөө абагына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатканы айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан