Бүгүн, 30-сентябрда журналист Элнура Алканова интернеттеги жеке баракчасы аркылуу түз эфирде аны белгисиз адамдар курчоого алып, унаасын өткөрбөй жатканын билдирди. Айтымында, журналисттик иши менен Бишкектин четиндеги Орто-Сай айылы тараптагы Ала-Арча-3 конушуна келип, дрон менен видео тарткан. Кийин белгисиз адамдар келип, тартылган видеону толук өчүрүүнү талап кылышкан. Ага макул болбогон соң ал отурган унааны эч жакка өткөрбөй тороп алышкан.
Ошондой эле ал коопсуздугуна кепил болуу үчүн депутаттарга маалымат берүүнү интернет колдонуучуларынан суранды.
Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына кайрылганыбызда, ал жерге милиция кызматкерлери барышканын жана эки тарап арыз жазып жатышканын билдиришти.
Окуя болгон жерге барган юрист Канатбек Азиз: "Элнура Алканова журналист катары бул жакта съемка кылып жүргөн экен. Көчөдө эле, бирөөнүн үйүнө кирбестен. Кийин анын артынан күзөтчүлөр "тасманы өчүр" деп, ал отурган унааны тороп алышкан. Окуя болгон жерге Октябрь РИИБинин жетекчилиги келди. Учурда эки тарап арыз жазып жатышат. Журналист "мыйзамсыз кармашты" десе, экинчи тарап "жеке турак үйдү тартты" деп айтышууда. Кимдин үйү экенин эч ким айтпай жатат", - деди SUPER.KG порталына.
Алдын ала маалымат боюнча, журналист жеке менчик турак үйлөрдүн бирин дрон менен тарткан. Ал үй кимге таандык экени азырынча белгисиз.