Бишкек шаарындагы жаштар аллеясына орнотулган чоң көлөмдөгү көз айнекти 3-жолу сындырып кетишти

Бишкек шаарындагы жаштар аллеясына орнотулган чоң көлөмдөгү көз айнекти 3-жолу сындырып кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда "Тазалык" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Көз айнекти 3-жолу кечээ күнү, 29-сентябрда сындырып кетишиптир. Азырынча оңдоло элек, бүгүн-эртең оңдолот. Негизи аталган көз айнек биздин ишканага карабайт, бирок биздин кызматкерлер буга чейин эки жолу оңдошту", - дейт басма сөз кызматынан.

Айта кетсек, жаштар аллеясындагы чоң көлөмдөгү көз айнекти буга чейин да белгисиз адамдар тарабынан 2 жолу сындырылып, кайра оңдолгон. Бейбаштыкты жасагандар Ленин райондук администрациясы жана укук коргоо органдары тарабынан изделип, табылбай жатканы айтылган.

Көз айнек "Көз караш" долбоорунун алкагында былтыр, 2016-жылы июль айында орнотулган. Идеяны алып чыккандар шаарга көрк кошуп, инфраструктуралык курулуштарга байытуу, мындан сырткары көз айнек аркылуу тургундарды өз укугун билүүгө үндөө максатын көздөшкөн. Көз айнектин бийиктиги 2,5, туурасы 5, узуну 6 метрге жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Kaninaiman
2017-09-30 18:11:08
Камера коюлушу керек ар бир аллеяга дегеним коп адамдар барчу жерлерге
+10
Dimonbek
2017-09-30 18:16:53
А балким шамалга сынгандыр
-1
JaneEr
2017-09-30 18:40:33
Жакшылык жакпаган калк экенбизда дагы неге онукпойбуз деп коёбуз)))
+6
Isco23
2017-09-30 19:39:14
Дагы бир галдирбаш сындырды, атасы мн тен адамдар кыйналып ондоп кетишет алар сындырат уят е уят бишкекчанины
+4
tatynakaika
2017-09-30 19:53:17
Адам эмес айбан болуп калышкан го. эми ушул уят эле да. Озубуздун тартипсиздигибизди, маданиятсыздыгыбызды корсотуп атабыз. Бишкектеги индустардын оозу ачылып калышса керек
+3
Stervamyn
2017-09-30 20:41:06
Мас адамдар сындырды же жаш балдар.Переходной возраст болгондо ичинде каны кайнап,козуно эчтеке корунбой калат.Мас адамдар днле ошол
+2
Nevestkaa
2017-09-30 20:50:55
Кармаганда ток тарта турган бир аппарат коюп койсо сындырмакчы болгон адамды ток тартып өлмөк.
+9
Leilek-razzakov
2017-09-30 20:51:15
Кароолчу коюп койсун да айлык толоп.
-4
legion-arbat
2017-09-30 20:59:14
Айбанбызда,жарашпайт бизге негизи.Малдай кылып эле айдап журуш керекта
+7
legion-arbat
2017-09-30 21:00:18
Бетондон эле жазаш керек болуп калды
+5
Isco23
2017-09-30 21:08:50
Ушуну алып эле койсо не болот мынакееей деп
-1
Akzholtoi_Zhamashbekova
2017-10-01 03:45:02
Тарбия, таалим, ата мекенге болгон сүйүү деген жок да. Өзүн сыйлабаган адам, өлкөнү да сыйлабайт! Бул жапайычылык!!!
+4
Nazaroff1974
2017-10-01 04:08:23
Айбандар,уят эмеспи.Эч бир маданияттуулукту,этиканы тушунбогон туркой калкпыз да.Ошон учун эч онолбойбуз го.
+2
Kuyoo_bala
2017-10-01 16:27:43
Арбактар,адамдын тируу арбактары сындырган,арбайбай олгурлор..
-2
karasuu
2017-10-01 16:35:00
Яяяяйййй айланайын о очкиде не очун бар,кыйын болсон келчи бир капатани коройун :(
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан