Испаниядагы Каталония аймагы көз карандысыздыкка ээ болсо, "Барселона" футбол клубу Англия чемпионатында ойноп калышы мүмкүн

Эгерде Испаниядагы Каталония аймагы көз карандысыздыкка ээ болсо, "Барселона" футбол клубу Англия же Франциянын чемпионатында ойноп калышы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Каталониянын спорт департаментинин башчысы Жерар Фиерас каталондук клубдар өз тагдырын өздөрү чечүүгө укуктуу экенин билдирди.

"Эгерде Каталония көз карандысыздыкка ээ болсо, анда "Барселона", "Эспаньол" жана "Жирона" клубдары кайсы жакта ойноорун өздөрү чечиши керек. Балким, алар Испания, Англия, Франция же Италия чемпионатын тандашат", - деди Жерар Фиерас.

Испания мамлекети референдум мыйзамсыз экенин жана анын жыйынтыктарын тааныбай тургандыгын жарыялашты. Анткени өлкөнүн мыйзамына ылайык, мамлекеттин кайсы бир аймагынын бөлүнүшү жалпы испаниялык шайлоо менен чечилиши керек.

Бул тууралуу өзүнүн оюн "Барселона" футбол клубунун оюнчусу Жерар Пикке Твиттердеги өздүк баракчасына калтырган. "Каталониянын жашоочуларынын референдумга болгон укугун колдойм, бул алардын демократиялык укугу. Бирок Испания үчүн ойногонго дайым даярмын", - деп жазган билдирүүсүндө.

Испания өлкөсүндөгү Каталония аймагынын көз карандысыздыгы үчүн референдум 1-октябрда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Isco23
2017-09-30 19:27:27
Жерард суйлой берет кербен журо берет
0
MEDER_KULETOV
2017-10-01 08:51:33
Тагдырлары бугун чечилет экенда
0
Best.bakyt
2017-10-01 09:08:43
Бутундой бир региондун мурунку оз алдынча олконун тагдыры чечилгени турса бир футболдук команда жонундо суйлойсунор го
0
Isco23
2017-10-01 09:39:51
Best.bakyt,футболго кызыксан Барсаны суйлойсун да. Сен деле суйлой бер саятасына кызыксан саясатын спортуна кызыксан спортун.анан не жонундо суйлойлу
0
Rasul94
2017-10-01 10:21:11
Best.bakyt,эн туура.
0
monok2001
2017-10-01 09:42:28
Барса анда Франциянын лигасын тандайт,Англияда 7 команда бар бири болбосо бири жеп коет
+1
Rasul94
2017-10-01 10:22:15
monok2001,Англияга кетишсе жакшы болот эле
0
Isco23
2017-10-01 10:23:00
Италияны тандайт жакыныраак
0
madrid7000
2017-10-01 14:42:45
Болунушун каалабаймын, ел классикону коргон рахат.
0
stepboy
2017-10-02 10:49:13
Барса кетсе Реалга соперник жок инерес кетет ла лигага
0
Mambetali
2017-10-02 14:44:40
менимче Лалигада эле калса керек ...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан