Өзүнүн теги кытай, бирок Америкада төрөлүп өскөн белгилүү актёр Дэниэл Ву бүгүн 42 жашка чыкты. Бала кезинен тарта уруш өнөрүнө кызыккан Дэниэл 11 жашында Жет Линин катышуусундагы "Храм Шаолиня" тасмасын көрүп таасирленген. Ошондон тарта актёр машыга баштаган. Мындан сырткары Дэниэл белгилүү Жеки Чандан үлгү алган. Голливуд жылдызына айланган Жеки Чан Дэниэлге өз баласындай мамиле кылып, дайыма кеңешин айтып турган.
Белгилүү актёр 1974-жылы 30-сентябрда Американын Калифорния штатында жарык дүйнөгө келген. Атасы 1949-жылы Америкага келип, ал жактан болочоктогу аялы, башкача айтканда, Вунун апасы менен таанышып калган. Актёрдун өзүнөн улуу Грета жана Глория аттуу эки эжеси бар.
Ву кесиби боюнча архитектор. 1994-жылы өзүнүн ушу өнөрү боюнча мектебин ачкан, аны менен биргеликте дайыма театрга барып актёрлук чеберчилик боюнча сабактарды алып турган. Эжесинин сунушу менен өзүн модель катары сынап көрүүнү чечкен. Моделдик иш менен алектенип баштаганда белгилүү режиссёр Йонфан Вунун кийимдерди жарнамалап түшкөн сүрөтүн көрүп, аны өзүнүн киносунда башкы ролду ойноого чакырган.
Дэниэл Ву "Красавчик", "Пурпурный шторм", "Заголовки", "Пекинский рог" жана башка көптөгөн тасмаларда башкы ролдорду жаратып, ийгиликке жана популярдуулукка жете алган.
Жеке жашоосу
2010-жылдын 6-апрелинде Лиза Селенсер аттуу модель кызга үйлөнгөн. 2013-жылдын 2-июнунда кыздуу болгон.
30-сентябрга карата жылнаама.