Казакстанда өтүп жаткан "I am a Singer" жаш таланттар сынагына Кыргыздын атынан катышып жаткан Нурсултан Раимбеков сынактын 3-туруна өттү. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына маалымдады.
"Сынактын 3-туруна өттүм. Буюрса, маанайым жакшы. Мурункуга караганда бир аз көнүп, аз да болсо күйөрмандарым пайда болуп калды. Буга чейинки этаптарда башка тилдерде ырдасам, кийинки турда кыргызча ыр аткарам", - деди ал.
Белгилей кетсек, сынак 18-сентябрдан 31-декабрга чейин өтөт. Ага 6 мамлекеттен 10 ырчы катышып, аларга ар бир турдан соң кийинки таймашка даярдануу үчүн 1 жума убакыт берилет.