Кечээ, 30-сентябрда Түркиянын Стамбул шаарында "Түрк дүйнөсү" даректүү тасмалардын фестивалынын сыйлык тапшыруу аземи өтүп, анда кыргыз режиссёрлорунун тасмалары алдынкы орундарды багындырышты. Бул тууралуу сынакта жеңишке жеткен режиссёр Молдосейит Мамбетакунов бүгүн, 1-октябрда SUPER.KG порталына билдирди.
Фестивалда студенттердин категориясында Касиет Кубанычбекованын "Оймок" фильми биринчи орунга, Айзада Алиеванын "Дербиш" тасмасы үчүнчү орунга татыган. Ал эми профессионалдардын категориясында Кыргыз Республикасынын Эл артисти, режиссёр Молдосейит Мамбетакуновдун "Аталардан калган сөз" фильми экинчи орунду багындырган.
"Фестивалга Кыргыз өлкөсү, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Орусия, Түркмөнстан, Иран, Татарстан, Якутия, Башкортостан, Хакасия, Чувашия, Ирак мамлекеттеринен түрк элдеринин маданиятын жана дүйнөгө көз карашын чагылдырган даректүү тасмалар катышты. Студентим Касиет Кубанычбекованын "Оймок" тасмасы Нарында тартылган, анда адам менен жаратылыштын ортосундагы мамиле чагылдырылат. Фильм мүнүшкөр жөнүндө. Ал эми менин "Аталардан калган сөз" тасмамда айтылуу манасчы Жусуп Мамай тууралуу баяндалат", - деди Молдосейит Мамбетакунов.