Францияда футболдук беттеш өтүп жаткан стадиондо тосмо кулап, 30дай адам жаракат алды

Франциянын биринчи лигасынын алкагында "Амьен" жана "Лилль" командаларынын беттеши учурунда стадиондун тосмосу кулап, 30га жакын адам жаракат алды. Мындай маалыматты жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.

"Лилль" командасы киргизген голдон кийин оюндун 17-мүнөтүндө күйөрмандар алгачкы голго сүйүнүп, тосмого чогулуп салмагын салып жөлөнүп алышкан. Тосмо көп сандагы адамдардын салмагына туруштук бере албай кулап, ага жөлөнгөн адамдын баары бийиктиктен бири-бирин басып кулашкан. 26 адам жабыркап, алардын төртөөнүн абалы оор болууда. Алар ооруканага жеткирилишкен", - деп жазылат маалыматта.

Оюн ошол замат токтотулган. Ал эми аталган беттешти кийинки күнгө (Бишкек убактысы боюнча 1-октябрга) жылдырышкан.

Стадиондун жетекчилиги оюн талаасын тоскон конструкция бекем эле болчу деп ишендирүүдө. Кырсык боюнча тийиштүү кызматтар иликтөө жүргүзүп жатат.

Футбол күйөрмандары тосмону бузуп салышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан