"Жомок бүттү. Биз 3-бөлүккө тартылбайбыз. Мен абдан капа болуп турам. Анткени колубуздагы укмуштуудай кызыктуу, күлкүлүү жана ойго салуучу сценарий ишке ашпастан, кагаз боюнча калууда. Бул эч нерсе эмес, сериалды күтүп жаткан көрөрмандардын алдында абдан ыңгайсыз абалда калып жатканыбыз жанды кейитет", - деген ал.
Белгилүү болгондой, буга чейин каармандар сериалдын 3-бөлүгүнө тартылуу боюнча келишим түзүшүп, тартуу иштери ушул жылдын күз айларына белгиленген. Бирок ага аз күн калганда актрисалар сериалдын уландысы тартылбай турганын билишкен. Маалыматка ылайык, мындай чечимдин чыгышына башкы каармандардын бири Ким Кэттроллдун ультиматуму себеп болгон. Тактап айтканда, ал аталган сериалга тартыла турган болсо, тартуучу топ анын кийинки кинодолбооруна продюсер болуп берүүсү шарт эле. "Warner Bros" компаниясы мындай милдетти четке кагып, актриса менен келишимди үзгөн. Ошондой эле сериалдагы башкы каармандардын курамы толук болбосо уландысын тартуунун кажети жок экенин айтып, алдыдагы тартуу иштерин токтоткон.