Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Исаевге кечээ, 30-сентябрда "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган.
УКМКнын маалымат кызматынан "Кылмыш ишинин материалдарына ылайык, К.Исаев Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Ө.Бабановдун жигердүү колдоочусу болуп туруп, уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, массалык баш аламандыктарды уюштуруп, андан соң бийликти күч менен басып алуу максатында атайын жаш балдарга акча таратып, чогултуп жана даярдап жаткан. Алардын арасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да бар жана алар президенттик шайлоо учурунда, ошондой эле добуш берүүлөрдүн жыйынтыгын бурмалаган деген шылтоо менен андан кийин мыйзамга каршы акцияларга катышуу үчүн колдонулмак", - деп билдиришкен.