ЖЫЛНААМА, 1-ОКТЯБРЬ: "Музыкадай мага таттуу суусун жок, берчи мага жарым кашык музыка.." Бүгүн Эл аралык музыка күнү

Мен суу ичпейм таңдай катып турганда,
Мен нан жебейм алдан тайып курганда.
Музыкадай мага таттуу суусун жок,
Берчи мага,
Берчи мага,
Жарым кашык музыка!

Мен ыйлабайм капа тартып турганда,
Мен кубанбайм бак-дөөлөткө тунганда.
Дарым ушул кайгы жана шаттыкта,
Берчи мага,
Берчи мага,
Жарым ууртам музыка!

Эмнелер жок бул дүйнөдө, жарыкта,
Не бир сонун, не бир кымбат асыл баа.
Мен кетерде ошончонун ичинен,
Сагынарым,
Эң аярым,
Эң кымбатым - музыка!

Алыкул Осмонов

Бүгүн, 1-октябрь - Эл аралык музыка күнү. Бул майрам 1973-жылы ЮНЕСКОнун алдындагы Эл аралык музыка кеңешинин демилгеси менен анын 15-Башкы ассамблеясында негизделген. 1975-жылдан тарта дүйнө жүзүндө белгиленип келет.

Музыка тууралуу кызыктуу фактылар:

1. Музыка адамдын организминин абалына түздөн түз таасир этет. Алсак, медициналык фармакология деп аталган илимий багыттын өкүлдөрү айрым классикалык музыкалар дарылоочу касиетке ээ экенин айтышат.

2. Музыка угуу сезиминен арылып калуунун алдын алат. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, музыканттар музыкага такыр кызыкпаган адамдарга караганда жакшы угушат.

3. Окумуштуулардын айтымында, кылдуу аспаптардын добушу кан басымдын төмөндөшүнө шарт түзөт. Ал эми үйлөмө аспаптар кан айлануунун жакшыруусуна жардам берет.

4. Гипертония дартына Мендельсондун "Үйлөнүү-үлпөт маршын" угуу пайдалуу экенин, ал эми баш ооруга "Огинскийдин полонези" жардам берерин адистер айтышат.

5. Музыка жүрөк ооруларына кабылган адамдарга жана жүрөгүнө операция жасалган бейтаптарга кайра калыбына келүүсүнө жардам берет.

6. Психологдордун айтымында, музыка маанайды көтөрүп гана тим болбостон, адамдын өзүнө ишенүүсүнө жана максаттарына жетишине жардам берет.

7. Музыка эс-тутумду жакшыртат.

8. Спорттук машыгуу учурунда музыка угуу натыйжалуулукту 20 пайызга арттырат. Бул эффект допингди колдонууга барабар.

1-октябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан