ТНТ телеканалындагы "Дом-2" реалити-шоусунун алып баруучусу жана ырчы Ольга Бузова Москванын көчөлөрүндө керебетинин үстүндө отуруп алып жол жүргөнү үчүн айып пулга жыгылды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар бүгүн, 1-октябрда жазып чыгышты.
22-сентябрда белгисиз адамдар ырчынын Форд үлгүсүндөгү унаага чиркелген керебетте отуруп баратканын видеого тартып алышкан. Тартип сакчыларына ырчы жаңы ырына клип тартып жатканын билдирген. Ага карабастан Ольга Бузовага автоунаанын кабинасынын сыртында отуруп жол жүргөнү үчүн административдик протокол түзүлгөн.