Бишкек шаарында эркин сүрөтчүлөр Самат Ишенбеков менен Данияр Жолдошбековдун кайрымдуулук сүрөт көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Самат Ишенбеков билдирди.
"Мен сүрөт тартуу менен алектенип жатканыма 7 жыл болду. Буга чейин Кыргыз жеринде гана эмес, Европада да сүрөт көргөзмөлөрүн өткөрүп, сатылган картиналардын акчасын кайрымдуулукка жумшап келгем. Эми досум Данияр менен биргеликте 11-октябрдан тарта кайрадан көргөзмө уюштуруп жатабыз. Андан түшкөн каражаттын жарымы аутизм менен жабыркаган балдарды колдоого алган "Колдон колго" бирикмесине тапшырылат", - деди ал.
Белгилей кетсек, көргөзмөнүн бет ачары 11-октябрда өтүп, 31-октябрга чейин уланат.