"Тамашоучу" жана актёр Эрмек Таалайбеков 1-октябрдан 2-октябрга караган түнү сүйүктүүсүнүн колун сурады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына актёр өзү маалымдады.
"Бүгүн сүйүктүүм Бекзаданын туулган күнү. Көптөн бери атайын ушул күнү ишке ашырсам деп пландап жүргөн тилегиме жеттим. Тактап айтсам, түнкү саат 12:00дө досторубуз менен биргеликте аны куттуктаганга барып, ошол жерден колуна шакек салып, үйлөнүү сунушун киргиздим. Сүйүктүүм "ооба" деген жооп айтты. Буюрса, ноябрь айынын башында үлпөт той өткөрүү алдында турабыз", - деди ал кубана.
Белгилей кетсек, Бекзада Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинде иштейт. Жакында эле аталган иш тармагындагы кызматкерлер арасында өткөн "Мисс Горнячка-2017" сулуулар сынагында Гран-Приге ээ болгон.