Ысык-Көл облусундагы 4 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарына жакын жерде катталган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан маалымат беришти.

Белгилүү болгондой, 1-октябрь түнү Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда "Тез жардам" унаасы жол кырсыгына кабылып, 4 адам каза болгон. "Тез жардам" унаасы кош бойлуу аялды төрөт үйүнө алып баратканда Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа артынан сүзүп, дарыгерлердин унаасы оодарылып кеткен. "Тез жардам" унаасындагы айдоочу, фельдшер, кош бойлуу 19 жаштагы келин жана анын жанында коштоп бара жаткан тууганы болуп төртөө тең кырсыктан улам көз жумушкан.

Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун SUPER.KG'ге билдиргендей, Мерседес-Бенц унаасын 23 жаштагы кыз башкарып бараткан. Ал Жалал-Абад облусунун тургуну экендиги белгилүү болгон. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, экспертиза дайындалды. Ошондой элек шектүү Ысык-Көл РИИБинин тергөө бөлүмүнө 48 саатка камакка алынганы маалым болду. Алдын ала алынган маалыматтарга таянсак, айдоочу кыз мас абалында болгон. Анын жанындагы 3 жүргүнчү, бактыга жараша, жаракат алышкан эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
dastan_nookat
2017-10-02 11:47:16
Арактын айынан болуп жатат да баары!!!
+1
Azat.97
2017-10-02 12:20:49
Кыз соо эмес
+2
KIPCHAK-KALMAK
2017-10-02 12:36:02
арак ичишти ким койуптур тем боле машина айдап машина бергенди да кошуп соттош керек
+5
kyrgyzka96
2017-10-02 13:22:46
Эмнеге 4 адам 5 адам деп айтпайбы 9 айлык бала эсепке кирбейби? Ал уже адам да. Аллахым жакындарына сабыр берсин!
+3
Miji2
2017-10-02 14:14:44
Акмак ий акмак апандын мээнети кайда калды ошолор олгончо озун олуп калбадынбы
+4
surgeon777
2017-10-02 17:39:00
Ал кандай кыз мас болуп алып Колдо жургон?Ата-энесинен,жеринен безген,тентиген бироо го!Беш адамдын омурун алып койду арагы менен...азыр ойлонуп жатты бекен не кылганын.
Маркумдардын жаткан жери жайлуу болсун,жакындарына сабыр тилейм...
+6
Kroxa
2017-10-02 21:44:53
Жалалабаддан Колго келип мас журсо журогу тоо немего же озуно ишенгени бар го 5 адамдын омуру учун омур бою эркинен ажыратыш керек...
+2
Nendi15
2017-10-02 23:59:16
Дагы бир байдын эркеси да акча каяктан келгенине башы оорубаган эч нерсе менен иши жок акчага көөп эс алууну гана ойлоп кайсы күнү кантип көңүл ачуу керек деп жыргап жүргөн,бир минутадан кийин эмне болушун ойлобогон бирөө да мындайларга канча сөз айтсаң деле жетпейт да 5адамдын өмүрүн алды канча балдарды жетим калтырды ошол өткөн адамдардын бир туугандары ата энелери өмүр өткөнчө арман менен жашап өмүр бою өксүп өтүшүн азыр деле ойлобосо керек
+3
Nendi15
2017-10-03 00:00:09
Кайсы жерден кантип жинди деген справка алсам экен кимге канча акча берип кантип чыгып кетсем экен деп ойлонуп жатса керек
+1
zheenbaev95
2017-10-03 07:38:36
мындайларды омур бою соттош керек, конгон адат калабы дегендей мунун эртен эле кылат
0
Rasul94
2017-10-03 07:40:04
озу эч нерсе боллогонун карагыла
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан