"Барселона" - "Лас-Пальмас" беттеши Каталонияда өтүп жаткан массалык кагылышуулардан улам көрүүчүлөрсүз өттү (фото)

Кечээ, 1-октябрь күнү Каталонияда өтүп жаткан референдумга жана массалык кагылышууларга карабай "Барселона" - "Лас-Пальмас" беттеши орун алып 3:0 эсеби менен аяктады.

Маалымдай кетсек, буга чейин "Барселона" футболдук клубунун жетекчилиги Каталонияда өтүп жаткан референдумдан улам орун алган баш аламандыктарга байланыштуу чукул кеңешме өткөрүп, "Лас-Пальмас" клубу менен болчу беттешин башка күнгө жылдыруу чечимин кабыл алышкан. Бирок Ла Лига беттешти жылдырууга каршы чыгып, оюн көрүүчүлөрсүз өтмөй болгон.

Бул чечимге байланыштуу, беттешти өткөрүүгө каршы чыккан "Барселона" футболдук клубунун вице-президенти Карлес Виларруби кызматтан кетүү тууралуу айтты.

Беттеш "Камп Ноу" стадионунда, көрүүчүлөрсүз орун алды. Ал 3:0 эсеби менен аяктап, "Барселона" клубу 3 упай алды. Ла Лиганын 7-турунун жыйынтыгында "Барселона" командасы 21 упай менен турнирдик жадыбалда лидерликти сактап келе жатат. 2-орунда "Севилья" болсо, 3-орунда "Валенсия" клубу жайгашкан. Ал эми мадриддик "Атлетико" жана "Реал" клубдары 4-5-орунда орун алган.

Ла Лига, 7-тур:

"Барселона" - "Лас-Пальмас" - 3:0

Голдор: Бускетс (49-мүнөттө), Месси (70-77-мүнөттөрдө).

Барселона-Лас-Пальмас, Испания чемпионаты 2017-18, 7-тур
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Azat.97
2017-10-02 12:19:49
Кызыксыз болуп калат экен.
+4
Rasul94
2017-10-02 12:53:29
коруучулор кызытат экен оюнду
+6
FCBMESSI
2017-10-02 14:11:14
Атлетикогода жоопсуз 3 гол салып койгула Барса алга!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан