Борбор калаада жеңил атлетика боюнча Өлкө чемпиондору аныкталды

Бишкек шаарында жеңил атлетика боюнча Кыргыз өлкөсүнүн ачык чемпиондугу жыйынтыкталды. Бул тууралуу жеңил атлетика федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган мелдеште борбор калаадан жана аймактардан спортчулар катышып кыска аралыктагы жарыш, алыстыкка секирүү, бийиктикке секирүү, найза ыргытуу жана ядро ыргытуу боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.

Чемпиондордун тизмеси:

Эркектер арасында:

100 жана 200 метр аралыктагы жарышта - Алигаджи Магомедгажиев;

400 метр аралыктагы жарышта - Кирилл Сарасов;

800 метр аралыктагы жарышта - Алмазбек Казибеков;

1500 жана 5000 метр аралыктагы жарышта - Султан Айдар уулу;

Бийиктикке секирүү - Бексултан Парпибаев;

Алыстыкка секирүү - Темирлан Ильяс уулу;

Найза ыргытуу - Иван Фисенко;

Ядро ыргытуу - Евгений Моргунов.

Кыз-келиндер арасында:

100 жана 200 метр аралыктагы жарышта - Нурганым Сарыбаева;

400 жана 800 метр аралыктагы жарышта - Нуржамал Абдалимова;

1500 жана 3000 метр аралыктагы жарышта - Гүлшанай Сатарова;

Бийиктикке секирүү - Надия Иманкулова;

Алыстыкка секирүү - Гүлзад Самаркул кызы;

Найза ыргытуу - Кристина Пахомова;

Ядро ыргытуу - Айдана Садыкова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан