Чет элдик валютаны жүгүртүүгө чыгарууну көздөгөн кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу 2-октябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 15-сентябрда жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жүрүшүндө 1968-жылы туулган Кыргыз мамлекетинин жараны 19 800 доллар менен колго түшүрүлгөн. Мындан сырткары жасалма акча даярдоого шектелип 1978-жылы туулган К.М., 1964-жылы туулган И.С., 1989-жылы туулган С.А. жана 1989-жылы туулган Б.Ч. кармалышкан. Экспертиза жүргүзүлүп алынган акча каражаттары жасалма экени аныкталган. Кармалгандар акча каражаты чет өлкөдөн алып келингенин айтышкан. Факты боюнча кылмыш иши козголуп иликтөө иштери жүрүүдө.