Кытайдагы "Тяньчяо" театрында эгемендүү Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында алгачкы жолу "Манас" эпосу боюнча операнын бет ачары өттү. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, опера Жусуп Мамайдын варианты боюнча Кытайдын Маданият министрлигинин жана Улуттук опера институтунун колдоосу менен кытай тилинде коюлган. Анын сценарийин белгилүү кытай сценаристи Ван Сяолин жазган.
"Манас" эпосу боюнча операны даярдоого эки жыл убакыт кетип, ага Кытайдын мамлекеттик театрларынан 100дөн ашык артист катышты. Бет ачарга Кыргыздын Кытайдагы элчиси Азамат Усенов, Кытай улуттук опера институтунун жетекчилиги, этникалык кыргыздар жана жергиликтүү тургундар баштаган 1500дөн ашуун адам конок болуп келди", - деп айтылат маалыматта.