"Тамашоучу" жана шоумен Актан Рыскелдиев бүгүн, 2-октябрда экинчи ирет ата болду. Бул тууралуу ал өзү SUPER.KG порталына сүйүнчүлөдү.
"Бүгүн эртең менен Токтогулга той алып баруу үчүн келгем. Жубайым жакшынакай узатып, үйдө калган. Көрсө ошондо эле толгоосу башталган экен, мени сарсанаа болбосун деп сыр бербептир. Азыр эле телефон чалып уулдуу болдук деп сүйүнчүлөп жатпайбы. Саат 16:30да көз жарыптыр, ден соолугу жакшы. Кызыгы, төрөтканага улуу балам Жантайды жетелеп алып, өзү эле барыптыр. Азыр сүйүнүчүмдө чек жок, буюрса, таң атпай Бишкекке барып калам", - деди кубанган ата.
Белгилей кетсек, Актан Рыскелдиев 2014-жылдын сентябрь айында үйлөнүп, жубайы Феруза экөө Жантай аттуу уулду тарбиялап келишкен.