Бир кезде популярдуулугу артып, жетиштүү күйөрман топтой алган "The Pussycat Dolls" тобу 8 жылдык тыныгуудан соң кайрадан биригет. Бул тууралуу топтун солисти Кармит Бачар чет элдик маалымат булактарына берген маегинде сүйүнчүлөгөн.
"Негизи биригүү тууралуу мурдатан эле ойлонуп жүргөнбүз. Бирок убактысы эми жетти окшойт. Жакында Американы түрө кыдырып концерт берүү алдында турабыз", - деген ал.
Аталган топ убагында болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетишкен. Бирок андагы кыздардын ортосундагы келишпестик жана негизги каарман Николь Шерзингердин жеке ырчы катары ырдап чыгуусу топтун тарап кетүүсүнө себеп болгон.
Белгилей кетсек, Шерзингер былтыр кышында берген маегинде топтон кетип калганы үчүн азыркыга чейин өкүнөрүн айтып, анын тарап кетүүсүнө себеп болгону үчүн мурунку кесиптештеринен кечирим сураган.
"Ал учур баарыбыз үчүн керемет убакыт эле. Бирок мен бул нерсени көптөн кийин түшүндүм. Азыр кайрадан биригип, чогуу аткарган ырлардан ырахат алып, кыздар менен дүйнө кезгим келет", - деген ал.