Голливудда белгилүү жылдыздарга болгон окшоштугу менен атактуу болгон инсандар көп. Буга чейин поп-падыша Майкл Жексон, эже-сиңдилер Ким Кардашьян менен Кайли Женнер, ырчы жана актриса Селена Гоместин "түгөйлөрү" тууралуу жазсак, эми төмөндөгү жылдыздарга окшош инсандардын сүрөттөрүн жарыялоону туура көрдүк.
Голливуд актрисасы Анжелина Жолиге окшош 23 жаштагы модель Мара Тайген. Ал 13 жашынан тарта моделдик кесипти аркалап, ошол учурдан тарта "Жолиге окшошсуң" деген пикирлерди угуп келет. Өзүнүн айтымында, Тайген актрисага окшошуу үчүн эч кандай операциянын жардамын колдонгон эмес. Бул анын табияттан берилген жүзү.
Рианнага окшош кыздын аты-жөнү - Андель Лара. Бостондук бул кыз 22 жаштагы студент. Ал чет элдик маалымат кызматтарына берген маегинде Рианнага окшош болгондугу үчүн бир канча моделдик агенттиктер иштешүүгө чакырганын жана көчөдөн ырчынын күйөрмандары ар дайым аны менен алмаштыра беришерин айтып берген.
Америкалык ырчы Кэти Перринин "түгөйү" британиялык актриса Франческа Браун. Ал өзү Кэти Перрини алгач тааныбагандыгын жана көпчүлүк аталган ырчыга окшоштура баштагандан тарта анын чыгармачылыгы кызыгуу жаратканын билдирген.
Женнифер Лопеске окшош 34 жаштагы америкалык модель - Жессика Бурсиага. Учурда анын интернеттеги социалдык тармактагы баракчасына 1,7 миллион окурман жазылган.
Американын жаш актриса жана ырчысы Ариана Гранденин "эгизи" Жекки Васкез жөнөкөй эле жаран. Бирок Грандеге болгон окшоштугу менен аты таанылып, өздүк баракчасына жазылган колдонуучулардын саны 239 миңге жеткен.
Өзгөчө үндүү Адель менен швециялык 23 жаштагы Эллинор Хеллборг аттуу кызды окшоштурушат. Хеллборг ырчынын күйөрманы болгону менен, "мен эч качан бирөөнү туураганга аракет кылбайм, себеби мен өзүмчө адаммын" деп айтканы бар.