ЖЫЛНААМА, 3-ОКТЯБРЬ: Ырчы Анапия Райымбекова өздүк майрамын туулган жеринде белгилей турганын айтты

"Үч-Теректин үч кызы" деп таанылган таланттуу ырчы эже-сиңдилердин бири, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Анапия Райымбекова бүгүн, 3-октябрда 54 жашка толду. Ырчыны куттуктап байланышка чыксак, ыраазычылыгын билдирип, туулган жери Токтогулга сапар тартып жатканын айтты.

"Туугандарымдын бири турмушка чыгып жатканына байланыштуу бүгүн төркүнүмө - Токтогулга кетейин деп жатам. Туулган күнүм жакшы маанайда башталды. Таң эрте уулум, келиним неберем Тумар кызды алып келишип, куттукташты. Өздүк майрамымда мени жарык дүйнөгө алып келген ата-энемди эстейм, бул күнгө чоң маани берем", - деди ал.

Белгилей кетсек, Анапия Райымбекова 1963-жылы 3-октябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Өзгөрүш айылында төрөлгөн. Улуттук филармониянын алдындагы эстрадалык 2 жылдык окуу жайын бүтүргөн. 2008-2013-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда билим алган. Алгач Жумамүдүн Шералиевдин "Мендеги ыйык махабат" жана Асанкалый Керимбаевдин "Сезимдеги ойлор" аттуу ырлары менен белгилүү болгон.

3-октябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан